Ишенимдүу жеткирүүчүлөр
«Аройл Газ» компаниясы түзүлгөндөн бери Россиядагы жана Казакстан Респупликасындагы күйүүчу майдын алдыңкы жеткирүүчүлөрү менен иштешип келет, бул күйуучү майдын максималдуу сапатын камсыз кылат. Бул көптөгөн экспертизалар менен тастыкталды.
Мунайзат продуктуларын сактоо жана жөнөтүү мунай базасынын аймагында кирүү көзөмөлү менен жургүзүлөт, бул күйүүчү майды өндүрүүчүдөн керектөөчугө чейин жеткирүү жана сактоо учүн оптималдуу шарттарды камсыз кылат.
Өз газ ташуучу унаа паркы
Жоопкерчилиги чектелген коом «Аройл Газ» — күйүүчү майдын көлөмү ар кандай болгону үчун, ар кандай жүктөрду керектеген, газ ташуучу жана күйүүчү май ташуучу унаалар паркынын ээси.
Биз көптөгөн мунайзатты кайра иштеп чыгуучу ишканалар менен иштейбиз, бул бизге бардык мамлекеттик стандартка туура келген күйүүчү майдын кеңири спекторун берүугө мүмкунчүлүк берет.
Адистер тобу
Бизде керектүү сунуштарды жана кеңештерди берүүгө ар дайым даяр болгон квалификациялуу адистер тобу бар. Бизди курулуш жана транспорттук компаниялар, ошондой эле жеке адамдар да тандашат.
Биз өнөктөштөрүбүздун суроо- талаптарын канаттандыруу учүн бардык күчүбүздү жумшап, алардын ишенимин жогору баалайбыз. Эгер сиз биздин кардар болуп калсаңыз, жеңилдетилген төлөө шарттарын же кошумча арзандатууларды алуу менен өз ара пайдалуу шарттарга ишене аласыз.